Төө-Ашуудагы туннелде июнга чейин унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип турат

Төө-Ашуудагы туннелде июнга чейин унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 28-июнга чейин Бишкек – Ош жолунун Көлбаев атындагы туннелге тиешелүү 129-131-чакырымдарында электр чубалгыларын өткөрүү жана жарыктандыруу системасын орнотуу иштерине байланыштуу күн сайын таңкы саат 5тен 8ге чейин, 10дон 12ге чейин жана 2ден 4кө чейин унаалар өткөрүлбөйт.