Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырууга акыркы мүмкүнчүлүк абитуриенттерге июндун экинчи жарымында берилет. Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, соңку тестирлөө 22-23-июнда өтөт.
Сынак Бишкек жана Ошто гана уюштурулат. Бул олуттуу себептерден улам негизги тестирлөөгө жетишпей калгандар үчүн жасалат. Ал эми тестирлөөгө катталуу күндөрү кийин жарыяланат.