Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 13-19-июлдарда белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 13-19-июлдарда белгилүү болот. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

 

Жыйынтыктар мектеп жетекчилигине өткөрүлүп берилет. Учурда тестирлөөнү өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жатат. Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөө 21-июндан 25-июнга чейин өтөт. Негизги жана предметтик тесттин ар бири 370 сомдон турат.