“Манас” эл аралык аэропортунда ПЦР-лаборатория ачылууда

“Манас” эл аралык аэропортунда ПЦР-лаборатория ачылууда. Анда жүргүнчүлөр тесттин жыйынтыгын бир сааттын ичинде ала алат, — деп билдиришти министрлер кабинетинен. Лабораторияны ачууга каржылык колдоону түштүк кореялык инвесторлор көрсөттү.

 

Бир күндө тестирлөөнү14 миң адам тапшыра алат. Министрлер кабинетинен белгилешкендей, туристтик сезон жакындагандыктан, бул лабораториянын ачылышы чоң мааниге ээ.