Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда 730 адам бүгүн мөөнөтүнөн мурда добуш берет.
БШК маалыматына ылайык, Ош облусунда – 118, Нарында 43, Ысык-Көлдө 9, Жалал-Абадда 294 жана Чүйдө 266 жаран арыз берген.
Алар ар кандай себептер менен тилкеден тышкары добуш берет.
Эске салсак, эртең, 10-апрелде Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаарларында жана 13 айылдык кеңеште жергиликтүү депутаттарды шайлоо өтөт.