Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу расмий старт алды

Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу расмий старт алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей,  бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкектин калкын жана ТЭЦти кара отун менен камсыз кылууда Кара-Кечеден көмүр ташуу үчүн эң арзан жолду түзө турган социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Аны мамлекет өз каражатына куруп баштаганы айтылды.

Белгилеп кетсек, “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жол долбоорунун биринчи этабында 63 чакырымдык Балыкчы–Кочкор тилкеси курулат.

Учурда темир жол линиясынын 500 метри төшөлдү.

Жалпысынан курулушту 2030-жылга аяктоо пландалууда.