Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүн кеңейтүү иштери башталды.
Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчөнү кеңейтүү иштеринин алкагында жол четиндеги бак-дарактар кыйылууда.
Аталган көчө жергиликтүү бюджеттин эсебинен толугу менен реконструкцияланып, эки четине тротуар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иши жүрөт.