Кыргызстандын мектептеринде 12 жылдык билим берүүгө өтүү кийинки жылдан тарта ишке кирүүсү күтүлүүдө.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаңы ыкманы этап менен киргизүү пландалууда.
Эске салсак, өлкөдө балдар 6 жашынан тарта 1-класска барууга милденттендирилет.
Анын алкагында, 0-класс жоюлуп, мектептеги билим берүү 1-класстан башталат.
Ал эми 2-классты балдар 1-класстын программасы менен баштайт.