Жети-Өгүз районунда дагы бир тигүү цехи ачылды.
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришкендей,
өндүрүштө 100 адамга жумуш орду түзүлдү.
Цех Жон-Булак айылында жайгашкан. Башкы максат – айыл
тургундарын жумуш менен камсыздап, жеңил өнөр-жайды өнүктүрүү.
Анда тигилген кийимдер Кыргызстан боюнча жана чет өлкөлөрдө
сатылат. Ишкананы ачууга 8 миллион сом багытталды.