Бишкекке Өзбекстандан автобустардын биринчи партиясы келди. Жалпысынан 50 даана. Учурда алар техникалык документациядан өтүп, накталайсыз төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн валидаторлор орнотулуп жатат.
Эске салсак, буга чейин мэриядан билдиришкендей, 1-июлга чейин Бишкекке Өзбекстандан япониялык ISUZU маркасындагы 350 автобус келет. Алар газ менен жүрөт.