Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы мектеп 1 миллион 240 миң сомго
капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу айыл аймактык башчы
Адилет Дүйшенбиев билдирди. Анын айтымында, курулуш иштердин каражаты
дем берүүчү гранттын эсебинен бөлүндү. Учурда иштердин 90 пайызы аяктап калды.
Ошондой эле билим берүү мекемесинин алдына 900 чарчы метр таман таш төшөлдү.