Жалал-Абад облусунда жаңы 23 бала бакча пайда болот

Жалал-Абад облусунда жаңы 23 бала бакча пайда болот.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,

мектепке чейинки даярдоо мекемелери курулуп бүтсө жалпысынан 1,5 миң балага орун түзүлөт.

Бардык объектилерде иштер өз мөөнөтүндө аткарылып жатат. Бакчалар муктаждыкка жараша

район жана шаарларда курулууда. Ири долбоорго каражат республикалык жана жергиликтүү бюджет

тарабынан, ошондой эле бир катар фонд аркылуу бөлүнүп берилип жатат.