Бишкектеги коомдук унаалардын ичи жаңы жылга карата кооздоло баштады.
Мэриянын маалымат кызматынан белгилешкендей, алгач №2 троллейбустун ичи жасалгаланып,
шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоодо. Башка автобус,
троллейбустар дагы кийинки жумага чейин кооздолот, — дешти муниципалитеттен.