Издөөдө жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке алып келинди

Издөөдө жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке алып келинди.

УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, Акаев “Кумтөр” ишин

иликтөө боюнча келишимге макулдугун берип бүгүн Бишкекке учуп келди.

Акаев аба майдандан түз эле суракка жеткирилди. Анын катышуусу менен

алтын-кен казуу боюнча кылмыштарды иликтөөнүн алкагында керектүү

тергөө иштери жүргүзүлөт. Аскар Акаевге карата жана иштерге байланыштуу

кабыл алынган чечим тууралуу УКМК коомчулукка кошумча маалымат берет.