БШК Жогорку Кеңешке шайлоолорду майда өткөрүүгө жетишпей калышы мүмкүн

БШК Жогорку Кеңешке шайлоолорду майда өткөрүүгө жетишпей калышы мүмкүн. Бул тууралуу 24 агенттигине Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, 11-апрелде бир күндө жергиликтүү кеңешке  шайлоолор жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өтөт.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы майдын башында жарыяланышы күтүлөт.

 

Андыктан, БШК даярдык көрүүгө, ал эми партиялар үгүт жүргүзүүгө жетишпей калат. Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров парламенттин жетинчи чакырылышын шайлоо 1-июнга чейин өтөт деп жарыялаган.