Эркин Асрандиев менен Замирбек Аскаров жаңы кызматтарга дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Буга чейин Россия-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келген Асрандиев
өкмөттүн экономика тармагын тескеген вице-премьер кызматына киришти.
Аталган кызматты аркалаган Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри болду.
Эске салсак, экөөнүн талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
сунуштап, Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп берген.