Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын бекитти

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын бекитти. Жыйынга катышкан эл өкүлдөрүнүн баары колдоп, бир гана депутат каршы добушун берди.

 

Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн 16 мүчөсү болот. Жаңы курамда мурдагы алты кызмат жоюлат. Тагыраагы, үч вице-премьер-министр кызматтары жоюлуп, айрым министрлик, агенттик, комитеттер бириктирилет.