Жогорку Кеңештин төрагасы президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо процедурасын ишке ашырууну токтотуп койду

Жогорку Кеңештин төрагасы президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо процедурасын ишке ашырууну токтотуп койду. “ИнтерФакс” билдиргендей, кечээ кезексиз жыйынга чогулган депутаттар тиешелүү документке кол коюшту.

 

Бирок төрага аны менен тыкыр таанышуу керек деген шылтоо менен кол коюудан баш тартты. Мыйзамга ылайык, импичментти жарыялоо үчүн парламенттик комиссия түзүлүшү керек.