Жогорку даражадагы чиновниктерге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды

Жогорку даражадагы чиновниктерге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Чек ара кызматкерлерине мындай тапшырманы күт түзүмдөрүн координацияны өз мойнуна алган, Коопсуздук кеңешинин катчысынынын биринчи орун басары Өмүрбек Суваналиев берди.

 

Ал билдиргендей, атайын кызматтар кадимки режимде иштеп жатат. Ошондой эле, өлкөдөн акча которуп чыгаруу процесси дагы көзөмөлгө алынды.

 

Мамлекеттик чек ара кызматынан өз кезегинде белгилешкендей, чек арачылар күчөтүлгөн режимде иштеп,  өлкө аймагынан чиновниктерди чыгарбайт.