Жол боюнда сатылып жаткан күйүүчү майды алуудан баш тартуу сунушталат. Мамлекеттик салык кызматынан белгилешкендей, көчөдө соода кылгандардын айрымдары товарын АИ-92, 95 үлгүсүндөгү бензин катары сатат.
Бирок иш жүзүндө ал эң төмөн сапаттагы АИ-76 же 80 үлгүсүндөгү күйүүчү май болуп чыгат. Мындай отунду унаага колдонуу көптөгөн бузууларга алып келиши мүмкүн.