Талас облусунун Кара-Ой айылында оорукананын оңдоо иштери 15-сентябрда аяктайт деп пландалууда

Талас облусунун Кара-Ой айылында оорукананын оңдоо иштери 15-сентябрда аяктайт деп пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

 

Анын айтымында, эгер буга чейин медициналык жай 160 орунга чакталган болсо, кайра калыбына келтирүүдөн кийин 300 орун түзүлөт. Ошондой эле, 30 миллион сомго барабар жабдуулар сатылып алынууда.