Жыл башынан бери Россиядан Кыргызстанга 15 адам экстрадицияланды

Жыл башынан бери Россиянын абактарынан 15 кыргызстандык экстрадицияланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

 

Анын айтымында, аталган мамлекетте жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргыз жарандарын алып келүү боюнча бардык инстанцияларда сүйлөшүү жүрүп жатат.

 

Маалыматка ылайык, учурда Россияда 1 миңден ашык кыргызстандык камакта. Алардын көбү маңзат менен кармалган.