Паспорт, айдоочу күбөлүгү жана унаанын техпаспорту – бул документтер эми “Түндүк” порталынын уюлдук тиркемесинде жеткиликтүү

Паспорт, айдоочу күбөлүгү жана унаанын техпаспорту – бул документтер эми “Түндүк” порталынын уюлдук тиркемесинде жеткиликтүү. Документтин санариптик версиясы анын оригиналындай эле күчкө ээ.

 

Тиркемени колдонуу үчүн жарандар алгач калкты тейлөө борборунан электрондук кол тамгасын алып, телефонуна тиркемени жүктөп алышы керек.

 

Ал эми мамлекеттик органдардын кызматкерлери документтин жарактуулугун QR-код аркылуу планшет менен текшерип алат. Кызмат 1 айдан кийин жеткиликтүү болот.