Кыргызстанга импорттолгон көмүрдүн көлөмү өстү

Кыргызстанга импорттолгон көмүрдүн көлөмү өстү.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, былтыркыга

салыштырмалуу сырттан көмүр ташып келүү 1,4 эсе көбөйдү.

Быйыл 8 айда былтыркыга салыштырмалуу 88 миң тоннага

көп кара отун алынып келинген. Импорттун 99 пайызын

Казакстандын көмүрү ээлейт. Андан тышкары, бир пайызын

Россия жана Кытай отуну ээлейт. Ал эми сыртка көмүр сатуу

тескерисинче 15 пайызга кыскарып, 314 миң тоннага аз сатылды.

Экспорттун көбү Өзбекстанга багытталды.