Түркия Баткенге стадион куруп бермей болду

1-июлда Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиядагы жаш ишкерлер ассоциациясынын (TUGIAD) төрайымы Нилүфер Чевикел менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана TUGIAD’дын Кыргыз өлкөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландары талкууланган.

 

«Н.Чевикел Кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапары жөнүндө жана башка долбоорлордун катарында TUGIAD ТИКА жана биздин өлкөдөгү түрк ишкерлери менен биргеликте жакын арада Баткен облусунда стадион куруу долбоорун ишке ашыра турганын маалымдады», — деп жазылат билдирүүдө.

Өз кезегинде элчи Өмүралиев Кыргыз өлкөсүнүн инвестициялык потенциалы жөнүндө маалымат берди жана Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн товарларды ЕАЭБдин 180 миллион кишилик базарына, ошондой эле ЖПС+ жана ЖПС программаларынын алкагында Европа Биримдигине 6200 жана АКШга 3200 товардын түрлөрүн бажы төлөмдөрсүз экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар экенине көңүл бурду. Ошондой эле биздин мамлекетте салыктар жана бизнес жүргүзүү чыгымдары төмөн экендигин белгилеген.

 

Н.Чевикел TUGIAD мүчөлөрү Кыргыз өлкөсүнүн текстиль, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы жана спорт тармактарына инвестициялоого кызыкдар экендигин айтты.

Элчи Өмүралиев банк тармагына жана айыл чарбага инвестициялоону сунуштады. Ошол эле учурда элчи Кыргыз өлкөсүндө башынан ачык жана айкын, мыйзам чегинде иштеген түрк ишкерлери 20 жылдан ашуун убакыттан бери биздин мамлекетте иштеп келгендигине маектешинин көңүлүн бурду.