Кыргызстанда күйүүчү майга тартыштык жаралбайт

Кыргызстанда күйүүчү майга тартыштык жаралбайт.

Мунай ташуучулар ассоцияциясынан билдиришкендей,

ушул жылдын январь, февраль айларында 215 миң тонна

мунай заты алынып келди. Жеткирүү иштери уланып жатат.

Өндүрүшкө болгон баа ушул айдын аягында 2 пайызга арзандайт.

Ага себеп дүйнөлүк биржаларда мунай затына болгон баанын төмөндөшү.

Мындан тышкары доллардын сомго карата наркы көтөрүлүп кеткендиги.

Белгилеп кетсек, бир катар компаниялар жазгы талаа иштерине дыйкандарга

күйүүчү майды 40 тыйындан арзан кылып берет, — дешти ассоциациядан.