«Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айыптан түшкөн каражат 686 миллион сомду түздү.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айыптан түшкөн каражат

686 миллион сомду түздү. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы

башкармалыгынан novosti.kgге билдиришкендей, аталган каражат

590 миң токтом боюнча. Бул жалпы айып бузуулардын 57 пайызын түзөт.

Калган 43 пайызы унаа ээлерине токтом жетпегенден улам төлөнбөй келет.

Кошумчаласак, айдоочулар айыпка 15 күнүн ичинде төлөм жүргүзсө 50 пайыз

арзандатылат. Андан кийин 100 күн аралыгында 1 пайыздан туум чегерилет.