Жылуулук түнгө чейин толук калыбына келтирилет

Жылуулук түнгө чейин толук калыбына келтирилет.

Бул тууралуу энергетика министрлигинен билдиришти.

“Түндүк электрден” такташкандай, учурда бардык тармактын ишин калыбына

келтирүү процесси жүрүп жатат. Жарык кыргызстандыктарга этабы менен берилип,

дээрлик көпчүлүк бөлүгүндө жеткиликтүү болуп калды. Эске салсак, бүгүн түштөн

тартып кечке чейин өлкөнүн бир катар аймагында жарык берүү үзгүлтүккө учурады.

Буга себеп Борбор Азиядагы энергошакекчеде авария катталганы айтылат.