Россия Кыргызстанга кезектеги көчмө микробиологиялык лаборатория тапшырды.
Бул тууралуу Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришти. Унаа эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди киргизүү тармагындагы жетишилген кызматташуунун алкагында тапшырылды.
Лабораторияны эпидемияга каршы бригадалар колдонот.