Быйыл Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо пландалууда.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, курулушка инфраструктураны даярдоо үчүн 18 миллион 800 миң доллар
талап кылынат. Жалпысынан биринчи генераторду ишке киргизүү үчүн 486 миллион
доллар сарпталат. Долбоорду ишке ашырууга 3 жыл керектелет. Курулуш иштерине
каражат республикалык бюджтеттен берилет, ошондой эле инвестициялар тартылат.