Кара-Балтанын көчөлөрүндө 68 видео байкоо камералары орнотулат. Бул тууарлуу 24 агенттигине шаар мэриясынан билдиришти. Шаймандар орнотула турган тилкелер жана интернет-провайдер аныкталды.
Белгилеп кетүүчү нерсе – камералар жол эрежелерин бузууларды каттабайт, алардын башкы максаты — коомдук коопсуздукту камсыздоо.
Бирок кийин бул мүмкүнчүлүк дагы каралышы мүмкүн, — дешти мэриядан. Шаар бюджетинде долбоорду ишке ашырууга 1 миллион 700 миң сом каралды.