Айыл-чарба министрлиги айрым азыктарды Кыргызстандан ЕАЭБ мамлекеттерине чыгарууга кайрадан тыюу салууну сунуштады

Айыл-чарба министрлиги айрым азыктарды Кыргызстандан ЕАЭБ мамлекеттерине чыгарууга кайрадан тыюу салууну сунуштады. Өткөн жылдын июнь айында министрлер кабинети жарым жылга экспортко чектөө киргизген болчу.

 

Өлкө аймагынан чыгаруу боюнча бөгөт  буудай, жүгөрү, арпа, күрүч, ун, май жана кумшекерге тиешелүү болгон.

 

Мындай чектөөлөрдү киргизүү менен өлкөдө абал бир аз турукташкан, бирок мөөнөт аяктагандан кийин массалык экспорт жанданды. Жыйынтыгында, өлкөдө айрым азыктардын көлөмү азаюуда, бул өз кезегинде баалардын көтөрүлүшүнө алып келет. Андыктан, министрлик экспортко 1-февралдан 1-августка чейин тыюу салуу ниетинде.