Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү

Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Корсетти айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган, унаа жол ачык.… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 28-апрелге чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу… Кененирээк…

Кара-Буура ашуусунда кар көчкү түштү

Чаткалдагы Ала-Бука — Жаңы-Базар унаа жолунун (198-203-чакырым) Кара-Буура ашуусуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Көчкүнүн көлөмү 51 миң метр кубду түзөт. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.    

Кытайдын аймагындагы жер титирөө Кыргызстанда да сезилди

Кытайдын аймагындагы жер титирөө Кыргызстанда 3 баллга чейин сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:24тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.   Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында (Бедел айылынан 32 чакырым… Кененирээк…

Ошто 800дөй турак жай сел сууларынан тазаланды

Ошто 800дөй турак жай сел сууларынан тазаланды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, облус боюнча жалпы 1 миңдей үйдү сел каптаган. Учурда 786 турак жай калдыктардан тазаланды. Калган 197 үйдүн короо-сарайларында тазалоо иштери уланууда. Материалдык чыгымдар да такталып жатат.   Эске салсак, табигый кырдаалдын кесепеттерин жоюу… Кененирээк…

Жалал-Абаддын Аксы районунда да сел жүрдү

Кечээ кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жалал-Абаддын Аксы районунда да сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кош-Дөбө айыл аймагынын Атана айылында 11 үйдүн чарбагын суу каптады.   Мындан тышкары Аксыдагы айрым айылдарда унаалардын каттоосуна кыйынчылык жаралган.   20-апрелде башталган нөшөрлүү жаандан улам Ош облусунун Алай,… Кененирээк…

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 26-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.   Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык… Кененирээк…

Мас абалында руль башкарган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады

Кыргызстанда мас абалында рулга отурган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинен маалым болду. Ага ылайык, өткөн жылдын март айынан бери 10 миң 163 айдоочу ичимдик ичип унаа башкарганы үчүн бир жыл бою рулга отуруу укугунан ажыратылган.   Эске салсак, өлкөдө… Кененирээк…

Селден улам Талас районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Талас облусунун Талас районунда да өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кечээ, 22-апрелде аталган райондун Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылы, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылы жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Анын кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1… Кененирээк…

Ошто сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 80ден ашуун техника тартылды

Ош облусунда сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 80ден ашык техника тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эске салышкандай, аймакта 20-21-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн.   Анын кесепетинен 1 адам каза болуп, үйлөрдү суу каптап, унаа жолдор жабылган. Облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган.