Россияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, 2 киши каза тапты
Россияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, 2 киши каза тапты. Кыргызстандын Новосибирсктеги башкы консулдугунан кабарлашкандай, кыргызстандык жарандар Новосибирск шаарынан келе жатып кырсыкташкан. Кесепетинен 50 жана 31 жаштагы 2 адам каза болуп, 28 жаштагы жаран башынан жаракат алган. Ал учурда жалпы палатага которулду. Каза болгон 2 жаран Ош облусунун тургундары, — деп айтылат маалыматта.