Кечээ кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жалал-Абаддын Аксы районунда да сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кош-Дөбө айыл аймагынын Атана айылында 11 үйдүн чарбагын суу каптады.
Мындан тышкары Аксыдагы айрым айылдарда унаалардын каттоосуна кыйынчылык жаралган.
20-апрелде башталган нөшөрлүү жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Сузак жана Токтогул райондорунда, Таласта сел жүрдү.
Ош облусуна, Жалал-Абаддын Ноокен аймагына жана Талас районуна өзгөчө кырдаал киргизилген.