Мас абалында руль башкарган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады

Кыргызстанда мас абалында рулга отурган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинен маалым болду. Ага ылайык, өткөн жылдын март айынан бери 10 миң 163 айдоочу ичимдик ичип унаа башкарганы үчүн бир жыл бою рулга отуруу укугунан ажыратылган.

 

Эске салсак, өлкөдө 2023-жылдын 8-мартынан тарта айрым жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн.