1-июлдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы алынбайт.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жеңилдиктер
31-августка чейин күчүндө болот жана алар кумшекер, өсүмдүк майына, мал жандыктарына тиешелүү.
Белгилеп кетсек, мындай чаралар азык-түлүккө болгон рыноктук бааларды
турукташтыруу жана чарбалык субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.