Республикада өзгөчө абал режими узартылса айрым объектилердин ишине уруксаат берилет

Республикада өзгөчө абал режими узартылса айрым объектилердин ишине уруксаат берилет.

Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Ал белгилегендей,

кеп, күнүмдүк акча табуучу жумуштар тууралуу болуп жатат. Карантин узартылса курулуш,

унаа оңдоочу жана желимдөөчү жайлар, ошондой эле такси кызматтары ишке кирет.

Бирок алардын карантин режимин сактоосуна каттуу талап коюлат. Мисалы бир эле

учурда унаада экиден ашык адам болбошу керек. Бет кап, мээлей жана дезинфекциялоочу

каражаттар менен камсыздалышы шарт. Эске салсак, өлкөнүн айрым

аймактарындагы өзгөчө абал режими 30-апрелде соңуна чыгат