15-сентябрда салтанаттуу линейка өлкө боюнча мектептерде өтөт

15-сентябрда салтанаттуу линейка өлкө боюнча мектептерде өтөт.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул маселе саламаттыкты

сактоо министрлиги менен макулдашылды. Линейканы ачык абада өткөрүү

сунушталды, эгер аба-ырайы начар болсо мектептеги акты залында өткөрсө болот.

Ошондой эле мектептерде кандай эрежелерди сактоо керектиги боюнча дагы нускама

иштелип чыкты. Алгач, колдорду таза жууп, класстарды желдетип жана нымдуу

чүпүрөк менен аарчып туруу керек. Эске салсак, жаңы окуу жылы бүрсүкүнү башталат.