Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуунун акыркы туру кийинки жумада аяктайт

Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуунун акыркы туру кийинки жумада аяктайт.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, талондорду каттоо 3-августтан 5ине чейин жүргүзүлөт.

Учурда 64 жогорку окуу жайы абитуриенттерди кабыл алууда. Абитуриенттер 2020.edu.gov.kg сайтынан

ар бир университеттин факультеттери менен тааныша алат. Анда тапшыруу шарттары,

келишимдин баасы жана кеңири маалымат алуу үчүн байланыштар көрсөтүлгөн.