18-сентябрь, ушул дем алышта республика боюнча жалпы ишембилик өтөт.
Бул күнү тазалай турган жерлер бөлүнүп, Бишкек 100 аймакка бөлүндү.
Ар бирине жетекчи дайындалууда. Айлананы таштандыдан арылтуу
акциясына премьер-министр, министрлер кабинетинин өкүлдөрү,
жеке компаниялар катышат. Ал эми мектеп мугалимдери, окуучулар жана
медкызматкерлер ишембиликке чыкпайт. Бул пандемияга байланыштуу.
Андан улам, тазалоо иштери ыктыярчылар менен жүрөт.