Бишкектеги мамлекеттик тарых музейин ноябрда ачуу пландалууда

Бишкектеги мамлекеттик тарых музейин ноябрда ачуу пландалууда.

Бул тууралуу маданият министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди.

Анын айтымында, учурда немец тарап менен сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат.

Бирок, компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга өз мөөнөтүндө келе албаса,

музейдин ачылышы кайра жылдырылат. Буга чейин айтылгандай,

Германиянын адистер тобу музейге жаңы жабдууларды алып келмек.