Бишкектеги Октябрь районунун жашоочулары таштанды үчүн төлөмдү мурдагыдай эле «Комтранском» ишканасына төлөйт

Бишкектеги Октябрь районунун жашоочулары таштанды үчүн төлөмдү мурдагыдай эле

«Комтранском» ишканасына төлөйт. Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, мындан ары

«Комтранском» Октябрь районунда ишин улантат. Эске салсак, буга чейин аталган

райондун тургундарына таштанды үчүн эки эсеп дүмүрчөгү келген. Буга байланыштуу

шаардыктар кайсы квитанция боюнча акча төлөш керектигин билбей жатышкан.