Бишкекте банкты тоноого шектүүлөр кармалды

Бишкекте банкты тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Джумагазиев билдирет. Анын айтымында, ыкчам-тергөө топ түзүлүп, шектүүлөр аныкталды. Эске салсак, 26-ноябрда белгисиз эки адам каржы мекемесине кирип, күзөтчүлөрдүн бирине күч колдонуу менен каражаттарды алып, качып кетишкен. Аталган кылмыш видео көзөмөлгө… Кененирээк…

Январда аба-ырайы өтө суук болбойт

Январда аба-ырайы өтө суук болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет. Жаңы жылдын алгачкы айында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан 2 градуска жылуу болот. Ал эми Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлүүдө.

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө 21-декабрда ачылат

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө 21-декабрда ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди. Маалыматка караганда, иш-чара Чүй облусунун Кемин районундагы «Ак-түз» тоо лыжа базасында өтөт. Анда балатылардын арасында муз тебүүчү жолдор бар. Ал Free ride жана Skip Tour деп аталат, бул… Кененирээк…

Унааларга жасалма номер тагып жүргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт

Унааларга жасалма номер тагып жүргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда жасалма, өзүнө таандык эмес номерди тагып жүргөндөргө 10 миң сом айып тагылат. Учурда, ал жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеште үчүнчү окуудан өттү. Ага президент… Кененирээк…

Бишкекте пара менен кармалган тергөө бөлүмүнүн башчысы №1 СИЗОго киргизилди

Бишкекте пара менен кармалган тергөө бөлүмүнүн башчысы №1 СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Эске салсак, тергөөчү жол кырсыгы боюнча ишти кыскартууга миң доллар талап кылган. Авариянын айыпкери жабырлануучунун чыгымдарын төлөп… Кененирээк…

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салынды. Тиешелүү документке Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мыйзамга ылайык, эми Кыргызстандын аймагына уран жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт. Эске салсак, жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө… Кененирээк…

Республикалык инфекциялык оорукана жык толгон

Республикалык инфекциялык оорукана жык толгон. novosti.kgге медициналык жайдын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдиргендей, учурда 481 бейтап дарыланууда. Анын 220сы курч респиратордук вирус диагнозу менен жаткырылган.   Медициналык жардамга көбү өткөн эс алуу күндөрү кайрылышты. Бейтаптар зарыл болгон препараттар менен камсыздалды. Белгилеп кетсек, курч респиратордук вирустар… Кененирээк…

Жаңы жылдык эс алуулар бекитилди

Жаңы жылдык эс алуулар бекитилди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, 1-январдан 7-январга чейин расмий түрдө  дем алыш жарыяланат. 5 күндүк тартип менен эмгектенген кыргызстандыктар бул күндөрү жумушка чыкпайт.   Бул дем алыш күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды, — дешти өкмөттөн.

Ошто тоо-лыжа базасы пайда болот

Ошто тоо-лыжа базасы пайда болот. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди. Анын айтымында, бул максатта Алай районунда тилке каралууда.   Анда кар көп жаап, жакшы жатат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 22  тоо-лыжа базасы бар болсо, анын 16сы гана иштейт.

Дүйнөнүн эң күчтүү мамлекеттери аталды

Дүйнөнүн эң күчтүү мамлекеттери аталды. Америкалык U.S.News басылмасы түзгөн тизмеде биринчи орунда АКШ, экинчиде Россия, үчүнчүдө Кытай жайгашты. Рейтингди түзүүдө мамлекеттердин ички дүң өндүрүмү, калкынын саны жана башка маанилүү көрсөткүчтөр эске алынды.   Журналисттердин баамында алдуу-күчтүү өлкөлөр тууралуу көп маалымат жазылат, саясий аренада чоң таасири… Кененирээк…