Жаңы жылдык эс алуулар бекитилди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, 1-январдан 7-январга чейин расмий түрдө дем алыш жарыяланат. 5 күндүк тартип менен эмгектенген кыргызстандыктар бул күндөрү жумушка чыкпайт.
Бул дем алыш күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды, — дешти өкмөттөн.