Январда аба-ырайы өтө суук болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Жаңы жылдын алгачкы айында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын
температурасы климаттык нормадан 2 градуска жылуу болот. Ал эми
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлүүдө.