Бишкекте банкты тоноого шектүүлөр кармалды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын
жетекчиси Канат Джумагазиев билдирет. Анын айтымында, ыкчам-тергөө топ түзүлүп,
шектүүлөр аныкталды. Эске салсак, 26-ноябрда белгисиз эки адам каржы
мекемесине кирип, күзөтчүлөрдүн бирине күч колдонуу менен каражаттарды алып,
качып кетишкен. Аталган кылмыш видео көзөмөлгө түшүп калган.