Дүйнөнүн эң күчтүү мамлекеттери аталды

Дүйнөнүн эң күчтүү мамлекеттери аталды. Америкалык U.S.News басылмасы түзгөн тизмеде биринчи орунда АКШ, экинчиде Россия, үчүнчүдө Кытай жайгашты. Рейтингди түзүүдө мамлекеттердин ички дүң өндүрүмү, калкынын саны жана башка маанилүү көрсөткүчтөр эске алынды.

 

Журналисттердин баамында алдуу-күчтүү өлкөлөр тууралуу көп маалымат жазылат, саясий аренада чоң таасири бар, ошондой эле глобалдык экономикалык моделдин түзүлүшүндө башкы ролду ойнойт.

 

Ал эми дүйнөдөгү процесстерге таасир бере албаган мамлекеттердин катарына Словакия, Словения, Эстония, Латвия жана Литва кирди.