Республикалык инфекциялык оорукана жык толгон

Республикалык инфекциялык оорукана жык толгон. novosti.kgге медициналык жайдын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдиргендей, учурда 481 бейтап дарыланууда. Анын 220сы курч респиратордук вирус диагнозу менен жаткырылган.

 

Медициналык жардамга көбү өткөн эс алуу күндөрү кайрылышты. Бейтаптар зарыл болгон препараттар менен камсыздалды. Белгилеп кетсек, курч респиратордук вирустар кескин суук болгонунан улам көбөйдү.