Жайыл районунун “Сосновка” унаа өтмөгү кыймылга ачылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Убактылуу чектөө Бишкек-Ош унаа жолунун 143-чакырымында жол тайгак болуп,
унаа тыгындары пайда болгондугуна байланыштуу киргизилген. Ошондой эле
аталган министрлик тынбай жааган кардан улам өлкөнүн тоолуу райондору жана
ашууларында кар көчкү түшүү кооптуулугу бар экендигин эскертүүдө.